• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков: Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш өлкө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген.

Жолугушууда мамлекеттер аралык эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып, төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш өлкө экенин белгиледи.

“Мамлекеттерибиз ортосунда жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Бизди бир туугандык, достук жана бардык багыттар боюнча түзүлгөн тыгыз кызматташтык бириктирип турат. Мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жаркын келечегине керектүү, өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген алакаларды арттырышыбыз зарыл”, – деди төрага Дастанбек Жумабеков.

Ошондой эле Төрага түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөдө депутат Хабибе Очалдын салымы чоң экенин билдирди.

Өз кезегинде Хабибе Очал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой билим берүү тармагы боюнча тыгыз байланышты өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду. Мындан тышкары депутат айым симпозиум жана илимий-тажрыйбалык конференцияларды байма-бай өткөрүү аркылуу билим берүү жаатындагы алакаларды арттырууга болорун белгиледи. Муну менен катар өз кесиби агартуучу экенин айткан Хабибе Очал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өтө кызыгарын кошумчалады.

Ошондой эле депутат айым төрага Дастанбек Жумабековдон билим берүү тармагы боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгына тиешелүү айрым маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий