• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Жумабеков кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Төрага Дастан Жумабеков кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Ардактуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Бул майрам каармандыктын жана элибиздин тайманбас эрдигинин символу катары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Биздин аталарыбыз көп улуттуу мекенибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн. Айрыкча, эрдиги менен таанылган Улуу Ата-Мекендик согуштун баатырларынын катарында мекендештерибиздин арбын экени сыймыктандырат.

Жалпысынын согушка 360 миңдей жердешибиз катышып, тилекке каршы алардын көпчүлүгү кайтпай калган. 150 миңдей биздин жоокерлер орден, медалдар менен сыйланышкан. Панфилов дивизиясынын 28 жоокеринин катарында мекендештерибиз Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин, Иван Москаленко Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Аны менен катар биз Чолпонбай Түлөбердиев, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев өңдүү аталарыбыздын да эрдигин унутпайбыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мезгил өтүп, өмүр тынбай ага берет. Тилекке каршы, Жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлеринин катары жылдан-жылга азайып келет. Биз ошол кандуу жылдардын азабын тарткан баардыгына: согушка катышкандарга, орукта жер айдап, эмгек кылгандарга, нанынын акыркы күкүмүн да фронтко жөнөтүп, үмүт менен жашаган ошол учурдун каармандарына таазим этебиз. Келечек муун да алардын мекенчилдигинин, биримдигинин арты менен Улуу Жеңиш камсыздалгандыгын унутпашы керек. Алар биз үчүн үлгү, бүгүнкү күн үчүн таяныч болуп кала берет. Аталарыбыздын эрдиги, апаларыбыздын чыдамкайлыгы келечекке багыт берип, кандай кырдаал болбосун мекенди коргоо ар бир жаран үчүн милдет экенин айгинелеп турат.

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлери!

Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр, дөөлөттүү карылык тилеп, дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм!

Пикир

Оставить комментарий