• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга курулчу үйдүн пайдубалына капсула салды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Сокулук районундагы Крупская айыл өкмөтүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курула турчу көп кабаттуу турак-үйдүн пайдубалына капсула салуу аземине катышты.

Мындан эки жыл мурун Чүй облусундагы «Жаш майыптар» коому төрага Дастанбек Жумабековдун кабыл алуусунда болуп, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн үй куруп берүү өтүнүчүн айтышкан. төрага алардын абалы менен жеринде таанышып, маселени чечүүгө сөзсүз көмөктөшөөрүн убада кылган.

Ошол күндөн тартып Дастанбек Жумабеков кайрылууну көңүл сыртында калтырбай демөөрчүлөр менен сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада Кувейт мамлекетинин каржылоосунун аркасында кайрымдуулук иш чараларын жүргүзүп келген «Ассанабил» кайрымдуулук фонду «Жаш майыптар» коомуна колдоо көрсөтүүгө макулдугун берген.

Аталган коом жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүп, имарат салына турчу жер тилкесин алышкан. Эми ал жерге үч кабаттуу заманбап үй курулуп, муктаждыгы бар жарандарга берилет. Ошондой эле имараттын жер төлөөсүнө устакана жана кийим тигүүчү цех ачылмакчы.

Имараттын пайдубалына капсула салуу салтанатында сөз сүйлөгөн төрага: “Кудай буюрса бул долбоор эң мыкты долбоор болот. Демөөрчүлүк көрсөткөн бир туугандарыбыз бир жылдын ичинде ишке киргизип беребиз деп жатышат. Бул жерде кол өнөрчүлүк менен алектенген жарандарыбыз дагы иштеп, кошумча киреше табат. Биз колдон келген аракетибиз менен жакшы шарттарды түзүп беребиз. Кайрылуубузду четке какпай, колдоого алган фонддун өкүлдөрүнө чоң ыраазычылык билдиребиз”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий