• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков менен казак элчиси парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселеси көтөрүлдү.

Төрага Жумабек алгач Кайрат Нурпеисовду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, элчи катары эки боордош мамлекеттин калыптанган бир-туугандык, достук мамилелерин кеңейтүүгө салым кошоруна ишеним артаарын билдирди.

Ошондой эле төрага Кыргызстан Казакстан мамлекети менен бардык багыттагы байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Эки өлкөнүн алакасын арттырууда Казакстан мамлекетинин мурдагы өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң. Азыркы Президент Касым-Жомарт Токаев да калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу аркылуу, жакынкы аралыкта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгени турат. Андыктан, аталган сапар боордош эки элдин жаркын келечегине керектүү максаттарды ишке ашырууга өбөлгө болот деген ишеничтемин” – деди.

Муну менен катар экономикалык байланыштардын учурдагы абалына токтолгон Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чыгаруу мерчемделгенин кошумчалады.

“Кыргызстан менен Казакстандын байланыштарынын мүмкүнчүлүгү өтө чоң. Бирок, учурда эки мамлекеттин чек арасындагы 12 көзөмөл өткөрмө пунктунун сегизи гана иштеп, калган төртөө жабык турат. Анын ичинен Талас облусундагы Кичи-Капка өткөрмө пунктунун ишин кайрадан калыбына келтирүү учур талабы. Ага ылайык элчилик ишмердүүлүгүңүздүн алкагында, аталган маселелерди чечүүгө көмөктөшөсүз деген үмүттөмүн” – деди.

Өз кезегинде казак элчиси Кайрат Нурпеисов жылуу кабыл алгандыгы үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, эки элдин кызматташтыгын кеңейтүүгө болгон күч-аракетин жумшаарын кошумчалады. Андан тышкары, чек арадагы өткөрмө пунктарына байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан элчи: “Чек арадагы өткөрмө пунктарына, анын ичинен Кичи-Капка өткөрмө жайына барып, алардын абалы менен таанышып келдим. Айрым маселелерди чечүү аркылуу, каттамды кайра калыбына келтирүүнү тездетебиз. Анткени бул маселе Казакстан мамлекетинин жетекчилеринин да көзөмөлүндө”, – деп белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселеси да көтөрүлүп, эки өлкө парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча Кеңештин ишин жигердүү улантуу зарылчылыгы айтылды. Мындан сырткары туризм чөйрөсүндөгү алакалар тууралуу да сөз болуп, Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган Түп—Кеген жолун бүткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Эскерте кетсек, Кайрат Нурпеисов ушул жылдын 29-августунда Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий