• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков менен түрк элчиси эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Алгач төрага Дастанбек Жумабеков жакында эле Түркия мамлекетинде катталган табигый кырсыкка байланыштуу Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтып: “Кыргыз эли көп адамдын өлүмү менен коштолгон жер титирөө тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык”, – деди. Муну менен катар Кыргызстан боордош түрк эли менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланышты кеңейтүүгө багытталган алакаларды жигердүү улантуубуз зарыл. Анын ичинен соода-экономикалык мамилени чыңдоо жана инвестиция тартуу максаты негизге мааниге ээ”, – деп кошумчалады Төрага

Андан тышкары, акыркы жылдары парламенттер аралык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп жаткан айткан Дастанбек Жумабеков: “Коюлган пландарды ишке ашырууда парламенттердин колдоосу өтө зарыл. Андыктан, бул жаатта да калыптанган достук алакаларды өнүктүрүшүбүз керек”, – деп билдирди.

Ошондой эле маданий байланыштардын алкагындагы иштер ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеген төрага, быйыл жайында өтүүчү Бүткүл Дүйнөлүк IV Көчмөндөр оюнун Түркия Республикасы жогорку деңгээлде өткөрөрүнө ишеним артарын кошумчалады.

Өз кезегинде, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси эки өлкө ортосундагы айрым маселелерге токтолуп, анын ичинен соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактарындагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Алсак, быйылкы жылга карата эки өлкө ортосунда бир катар бийик деңгээлдеги жолугушуулар мерчемделген, ал эми апрель айында Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын ачылышы өтөт. Ошондой эле жайында Ысык-Көлдө эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес жана инвестициялык форум уюштурулат.

Мындан сырткары, жакынкы аралыкта парламенттердин тармактык комитеттеринин жана депутаттык достук топторунун эки тараптуу иш сапарларын өткөрүү да каралган.

Муну менен катар жолугушууда элчи Жеңгиз Камил Фырат Жумабековду Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырып, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасынын да Бишкекке иш сапарын уюштурууга болорун кошумчалады.

Ал эми төрага жолугушууда айтылган бардык сунуш, маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, элчинин ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий