• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Жумабеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, төраганын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

"Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түптөлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мына ушул кыргыз милициясы уюшулган 93 жыл аралыгында далай катаал, ары татаал жолду басып өттү. Коомдук укук тартибин сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү милдети жүктөлгөн кыргыз милициясы чыныгы каармандык мектебине айланды. Калктын коопсуздугун жана өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кылган эмгеги мактоого татырлык. Айрыкча, эгемен өлкөбүздүн мындан аркы келечеги да кыргыз милициясынын колунда экени айдан ачык.

Белгилей кетсек, жылдан жылга ички иштер органдарынын мааниси улам жогорулоодо. Демократиялык баалуулуктарды, жарандардын укугун коргоо милдеттери аларга чоӊ жоопкерчилик жүктөө менен бирге, зор ишеним артып жатат.

Укук коргоо жаатында, асыресе ички иштер органдары тармагында кайра курумдар жүргүзүлө баштады. Алдыбызда тамыры тереңдеп кеткен коррупциялык жосундарды, кылмыштуулукту жоюу милдети турат. Анын баарында кыргыз милициясы башкы ролду ойнойт. Андыктан, бардык тапшырылган ишти жоопкерчилик менен аткарып, таза жана татыктуу иш алып барышыңар зарыл.

Ардактуу мекен сакчылары!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм. Ишиңиздерде ийгиликтер арбын болуп, мекен, эл-жер үчүн кылган кызматыңардын үзүрүн көргүлө".

Пикир

Оставить комментарий