• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы саясий байланыштар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жакшы жолго коюлганын кошумчалады. Ал эми Президент Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстандагы расмий иш сапары кыргыз-монгол алакасын арттырууга көмөкчү болуп, мамилелердин жемиштүү уланышын шарттайт деп ишенерин билдирди.

Эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө саясий эрк менен тынымсыз аракеттин мааниси жогору экенин айткан Дастанбек Жумабеков Бишкекте Монголиянын элчилигинин ачылышы жана ШКУга байкоочу катары катышып жатышы байланыштарды дагы да бекемдөөгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

“Биздин өлкө Монголиядагы саясий-демократиялык жараяндарга тыкыр байкоо салып келет. Айрыкча, биз Сиздин катышууңузда монгол коомчулугунда олуттуу өзгөрүүлөр болгонуна күбө болдук”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары, Кыргызстан да ачык коомду жана парламентаризмди өнүктүрүүгө багыт алган мамлекет экенин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Монголия парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүү жаатында алгылыктуу натыйжаларга жетишти. Биз кыргыз-монгол парламенттер аралык байланышын жигердүү улантууну колдойбуз. Акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар уюштурулуп, парламентаризмди өнүктүрүүгө багытталган тажрыйба алмашуулар байма-бай өткөрүлүп баштады”, – деди.

Муну менен катар Төрага парламенттеги депутаттык достук топторунун да ишин жандантуу менен мамлекеттер аралык кызматташтыктын келечегине керектүү кадамдарды жасоо зарылчылыгына токтолду.

Ал эми Монголиянын Баян-Улгий аймагында эки-үч миңдин терегинде этникалык кыргыз жашарын, бирок алардын жашоо-турмушу жакшы иликтенбегендигин айткан Дастанбек Жумабеков бул жаатта изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу менен маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого биргелешип аракет көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле экономикалык кызматташтык маселесине да токтолгон Төрага Кыргызстандын инвестициялык саясаты өнүгүп жатканын белгилеп, монгол инвесторлорун кызматташууга чакырып өттү.

Өз кезегинде Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, мындай иш сапарлар эки тараптуу байланыштарды арттырарын билдирди.

Жигердүү алакалардын арты менен мамлекеттер аралык кызматташтык жакшырып жатканын айткан Президент Халтмаагийн Баттулга эки өлкөнү байланыштырган окшоштуктар арбын экенин белгилеп өттү. Алсак, Монголия да парламенттик өлкө катары демократия эгемендүүлүгүнүн негизи экенин жактап келет.

Мындан сырткары, Халтмаагийн Баттулга Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда да байланыштардын келечегине тиешелүү маселелерди кеңири талкуулаганын маалымдап, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегециясын Монголияга расмий иш сапар менен кетүүгө чакырды.

Ал эми Монголияда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-турмушун иликтөө тууралуу сунушту өзү да колдой тургандыгын айткан Президент Халтмаагийн Баттулга кыргыз спортчулары олимпиада оюндары үчүн Монголияда машыгууга болорун кошумчалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий