• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Төрага Жумабеков Нарындагы Мантыш айылында курулган жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кочкор районунун Мантыш айылына караштуу Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты.

Мектептин курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен жүргүзүлгөн. 280 орундуу мектеп бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенин баса белгиледи.

“Мектепке белгилүү ишмер Таалайбек Курткаевдин атынын берилиши кубанычтуу саамалык. Анткени, жакындан тааныган адам катары анын өз өлкөсүн сүйгөн, эмгекчил инсан экенине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден-бир көздөгөн максаты өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү деп билем. Андыктан, ушул курулган заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Мектепке алты компьютер белек кылган Дастанбек Жумабеков, ал жерде иштеп жаткан агартуучуларга да ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мугалимдердин айлыгы 30%га көбөйтүлөрүн белгилеп, Кыргызстанда 126 миңдей агартуучу бар экенин жана алардын маянасын көтөрүүгө 6,5 млрд сомдой акча каражаты каралганын кошумчалады. Төрага медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү зарылчылыгын да билдирди.

“Аймактардын өнүгүшү парламентке же Өкмөткө гана эмес, ар бир кыргызстандыктын аракетине көз каранды. Азыркы тапта бардык облустарда жаңы мектептер, социалдык мекемелер курулуп, кичи жана орто ишканалар ачылууда. Жакында эле Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапар менен барып, сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына катышты. Буйруса, көңүл сүйүнткөн көп иштердин аркасы менен жумушчу орундары түзүлүп, аймактар өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтебиз. Ал эми парламент социалдык секторду жакшыртууга багытталган бардык керектүү мыйзамдарды кабыл алып, колдоого даяр. Алсак, социалдык чөйрөгө тиешелүү жөлөк пулдарды көбөйтүү маселеси чечилип, учурда төлөнүүдө”, – деди Төрага. Ошону менен катар Дастанбек Жумабеков өлкөдө коррупциялык көрүнүштөргө каршы жигердүү күрөш жүргүзүлүп жатканына да токтолду.

Пикир

Оставить комментарий