• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрага Жумабеков Ноокат районунун тургундары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын иш сапары Ноокат районунда уланды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Эл өкүлдөрү Зулпуев айыл аймагындагы Ноокат аймактык ооруканасынын неврология жана реабилитация бөлүмдөрүн көрүп чыкты. Бейтапкананын иши менен аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов тааныштырган. Учурунда өтө кейиштүү абалга кептелген оорукана бүгүн таанылгыс болуп өзгөргөн. 2016-жылы 29 млн. сом менен каржыланып, эки кабаттуу имарат толук ремонттон өткөрүлгөн. Акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттар, керектүү эмеректер менен жабдылган.

«Азыркы учурда жол кырсыктары, жүрөк, кан тамыр оорулары абдан көбөйдү. Мындагы токтоп калган жүрөктү кайра калыбына келтирген аппараттар менен ыкчам меджардам көрсөтүп, дарыгерлерибиз көп адамдардын өмүрүн сактап калууда. Мына бүгүн да сууга аккан жаш баланын дем алуусун калыбына келтирип аман алып калдык. Эгер бул оорукана болбосо натыйжа башкача болуп калмак»,- деди аймактык оорукананын башкы дарыгери А. Марипов.

Оорукананын чарбалык жагы-ашканасы, кир жуучу аймагы, медициналык каражаттарды зыянсыздандыруу (утилизация) бөлмөлөрү да толугу менен заманбап жабдуулар менен жабдылган. Башкы дарыгер бир томография аппараты жана жабдылган тез жардам унаасы гана жетишпей турганын билдирди. Төрага бул чечилчү маселе экенин белгиледи.

Спикер саламаттык сактоо тармагында жүрөк кубанткан иштер жасалганына токтолуп, дарыгерлер жамаатына ыраазылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Андан соң эл өкүлдөрү Ноокат районунун борборундагы Крупская атындагы мектепте болушту. Мектеп 1966-жылы курулган. 530 орундуу мектепте азыр 2000ден ашуун бала окуп жатат. Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акуш Асанбаев кошумча корпус куруу зарылдыгын белгиледи.

Төрага өз сөзүндө мындай ийгиликке жеткен үлгүлүү мектептерге жардам көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий