• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков Нур-Султанда өтө турган Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна катышат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусу менен 23-24-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтө турган Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна катышат. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, отурумдун соңунда атайын биргелешкен билдирүү кабыл алынат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров, Молдова парламентинин Төрагасы Зинаида Гречаный, Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен эки тараптуу жолугушуулардын өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий