• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрага Жумабеков Орозо айт майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ыйык Орозо айт майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу агайын-туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан отуз күндүк Орозо айынан кийин келүүчү ыйык Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Сабыр менен кеӊ пейилдикке үндөп, адамдар ортосундагы кечиримдүүлүктү даӊазалаган отуз күндүк Орозодо, жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго чек коюлуусу тийиш. Айрыкча, колунда жокторго кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу бул айдагы ыйык эрежелердин бири. Ошондой эле Орозо айында араздашкандар жарашып, урушкандар табышышы зарыл. Бул күндөрү достук мамилелер жана туугандык алакаларды арттыруу ар бир адамга берилген башкы милдет катары каралат. Андыктан, он эки айда бир келчү Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, айрыкча кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс-кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин! Адамдар ортосундагы достук чыӊдалып, улуттар аралык ынтымак бекемделсин! Дүйнөгө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда жакшылыктар арбын болсун! Кечиримдүүлүк менен кеӊ пейилдик жарандарыбызды жаӊы турмушка жетелеп, араздашкандар азайсын! Колунда жоктордун капчыгы кампайып, кампасы данга толсун! Кайрымдуулар көбөйүп, кайгыргандардын кабагы ачылсын! Кудайым аруу тилектер менен кармаган орозобузду кабыл кылып, кубанычтарыбызга кубаныч кошсун! Дагы бир жолу майрамыӊыздар кут болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий