• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков Петербургда эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 49-пленардык отурумунун алкагында Санкт-Петербург шаарындагы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышты.

Аталган конференция Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа Кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеяларынын, Парламенттер аралык бирликтин, андан тышкары, Бириккен Улуттар уюумунун Контртеррористтик башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулууда.

Иш-чаранын алкагында терроризмге каршы күрөшүүдөгү эл аралык институттардын ролу талкууга алынып, тармактык технологияларды пайдалануу менен экстремисттик идеялардын жайылышын токтотуу, терроризмди жана андай аракеттерди каржылоону жоюуга багытталган мыйзамдарды жакшыртуу тууралуу сөз болду.

Тагыраагы, конференцияда парламенттик делегациялардын башчылары, бир катар эл аралык уюмдардын жана аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү пикирин билдирип, серепчилер жана илимпоздор ой бөлүштү.

Жумабеков Кыргызстан бардык түрдөгү жана көрүнүштөгү террористтик аракеттерге каршы экенин белгилеп, өткөрүлүп жаткан иш-чара глобалдык коркунучтун бул түрүнө жалпы каршы турууга жасалып жаткан бирден-бир кадам катары саналарын кошумчалады.

“Башка глобалдык чакырыктар менен катар, коомдук турмушка коркунуч жараткан эл аралык терроризм дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө залакасын тийгизет. Алсак, эл аралык терроризмдин очогу жана идеясынын булагы болуп ички карама-каршылыгы көп Жакынкы Чыгыш чөлкөмү эсептелет. Бул өз кезегинде жалпы Борбор Азия аймагынын коопсуздугуна жана туруктуулугуна олуттуу коркунуч жаратып келет. Миграциялык каналдар аркылуу террористтик аракеттер жайылып, жаңы тарапташтардын көбөйүшүнө, айрыкча жаштардын радикалдык агымдарга кошулуусуна өбөлгө болууда. Ошондой эле баңгитрафик жана куралдарды сатуу иши аймактагы абалды дагы да курчутууда” – деди Жумабеков.

Андан тышкары, чөлкөмдүн саясий-маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык террористтик аракеттерди аныктоо жана жоюу оорчулук туудурарын белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы, терроризм жана экстремизм идеяларынын жайылуусуна интернет, айрыкча социалдык тармактар чоң таасир берип жатканын, андан көбүнчө калктын аялуу катмары жабыркай тургандыгын кошумчалады.

Дастанбек Жумабековдун айтымында глобалдык тармаксыз жана электрондук башкаруусуз элестетүү мүмкүн болбогон заманбап дүйнөдө кибертерроризм коркунучтарына каршы күрөшү артыкчылыктуу максаттардын бири болуп саналат.

“Андыктан Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы атайын кызматтар жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен ар тараптуу кызматташтыкты арттырууга кызыкдар. Ошондой эле, БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕККУ, ЕБдинантитеррордук түзүмдөрү менен тыгыз иш алып барууну колдойт”, – деди төрага.

Белгилей кетсек, Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) Кеӊешинин жыйынына жана 49-пленардык отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) барган. Делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев жана Садык Шер-Нияз бар.

Пикир

Оставить комментарий