• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Володин менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кечээ, 19-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Бул жолугушуу Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында өттү.

Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПА Кеңешинин кезектеги жыйынынын Бишкекте өтүп жатканы ары жагымдуу, ары сыймыктуу миссия экенин белгиледи. Ошону менен катар эки өлкөнүн бийик даражадагы стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жогору баалана тургандыгын кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу бардык деңгээлдеги байланыштар туруктуу өнүгүү жолунда экени айтылды. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөөгө негиз берип, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганы белгиленди.

Ал эми РФнын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин айтканына караганда ЖККУнун, КМШнын жана башка уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташтык, ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыш өз натыйжасын берип келет.

Алсак, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү кыйла жогорулады. Кыргызстандын экономикасына жасалган Россия инвестициясынын көлөмү 30 пайызга өскөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин: “ЖККУнун Бишкектеги жыйыны натыйжалуу болорунан күмөнүм жок. Анткени, өз ара кызматташтыктын укуктук негиздерин камсыз кылууда, улуттук мыйзамдарды бири-бирине жакындатууда аталган ассамблеянын акыркы жылдардагы аракеттери жаман эмес”, – деди.

Ал эми биргелешкен аракеттердин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд. долларга жетиши күтүлүүдө деген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы кызматташтыкты бекемдөө менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачса болот”, – деп кошумчалады.

Ошону менен бирге Дастанбек Жумабеков Россия тарапка кыргызстандыктар үчүн “миграциялык мунапысты” ишке ашыргандыгы жана айдоочулук күбөлүгүн колдонууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий