• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрага Жумабеков Россиянын элчисин кабыл алып, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты.

Төрага Николай Удовиченкону Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий жана экономикалык байланыштар жөнүндө сөз жүрдү.

Жумабеков Кыргызстан өз ара ишенимге жана өз ара колдоого таянган эки тараптуу кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өзгөчө маани бере турганын билдирди. Ал Орусия Президенти Владимир Путиндин жакында боло турган мамлекеттик иш сапары мунун айныгыс далили экенин кошумчалады.

Андан сырткары, жолугушууда эки жана көп тараптуу парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо жаатында сөз болду.

«Эки өлкөнүн парламенттеринин байланышы кызматташтык мамилелердин чыӊдалышына өбөлгө түзөт. Мисалы, эки парламенттин КМШ ПАА жана ЖККУ ПА алкагындагы тыгыз байланышын канааттануу менен белгилесек болот», - деди Жумабеков.

Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышы тууралуу сөз жүргөндө, алар бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү дагы кеӊейтүү керек деген бүтүмгө келишти. Төрага орус тарапка ЕАЭБге Кыргызстандын кошулуусу алкагында, өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, көрсөткөн материалдык-техникалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Төрага Якутиядагы түзүлгөн жагымсыз кырдаалга байланыштуу кыргыз тарап болуп өткөн окуяны өтө өкүнүү менен кабылдагандыгын айтып, Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугунун камсыздалышын өтүндү.

Өз кезегинде элчи Удовиченко Жумабековдун жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын билдирип, өз дипломатиялык ишмердүүлүгүндө баардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерине басым жасай тургандыгын белгиледи.

Ошону менен катар ал Орусия Президенти В.Путиндин мамлекеттик иш сапарынын алкагында региондор аралык конференция, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү бир катар макулдашууларга кол коюлуучу бизнес-форум, ошондой эле Орусиянын ири ЖОЖдорунун ректорлору катыша турган ректорлор форуму менен жаштар форуму камтылган бир катар маанилүү иш-чаралар мерчемделип жаткандыгын билдирди.

«Биз Кыргызстан менен баардык багыттагы кызматташууларды кеӊейтүүгө кызыкдарбыз»,- дейт Удовиченко.

Баарлашуунун соӊунда Жогорку Кеӊештин Төрагасы элчинин кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий