• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков согуштун ардагери Асек Урманбетов менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып, келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Асек Урманбетов быйыл 2-январда 96 жашка чыкты. Жолугушууда өмүрүнүн урунтуу учурларын кеп кылган ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө жаш муундарга байма-бай айтып турарын билдирди.

Асек Урманбетов алты баланын, 52 небере-чөбөрөнүн кадырлуу чоң атасы. Ошондой эле ал бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, роман, поэмаларды жазып келет. Төрага менен жолугушууда ардагер “Токсон бешимдеги отчетум” аталышындагы эмгегин көрсөтүп, анда жашоо-турмуш, курчаган чөйрө, адамдар ортосундагы өз ара мамиле тууралуу жазылган ырларын айтып берди.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштагы көрсөткөн каармандыгы үчүн ардагерге ыраазычылык билдирип: “Кандуу согуштун катышуучуларына жана эмгек ардагерлерине мекенибиздин бүтүндүгүн, мамлекетибиздин тынчтыгын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн башымды ийип таазим этем. Силердин эрдигиңер биздин жүрөгүбүздө, Кыргызстаныбыздын тарыхында түбөлүк сактала берет. Жаркын келечек үчүн жасаган эмгегиңердин баасы жок”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ардагерге акчалай жардам жана азык-түлүк белек кылды. Кошумчалай кетсек, башка парламенттик фракциялардын лидерлери да согуштун жана эмгектин ардагерлеринен кабар алышты.

Пикир

Оставить комментарий