• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрага Жумабеков Түркияда ТүркПА Кеӊешинин 8-отурумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Измир шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблея Кеӊешинин 8-отурумуна катышты.

Быйылкы отурумдун Түркияда өтүп жатышы тереӊ мааниге ээ экенин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков, 10 жыл мурун дал ушул күндөрү Стамбул шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы түзүлгөнүн эске салды.

Муну менен катар ТүркПАга мүчө мамлекеттер менен алакаларды арттыруу маселеси Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири экенин белгилеген Дастанбек Жумабеков: "Кыргыз Республикасы Ассамблеяны негиздөөчүлөрдүн башында турган жана анын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп келет", - деди.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 7-декабрынан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТүркПАга төрагалык кылуу милдетин аркалап келген. Ага ылайык Төрага Дастанбек Жумабеков бүгүнкү отурумда ассамблеянын акыркы жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу кеӊири кеп кылды.

"Кыргыз парламентинин төрагалыгы алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономика, маданият, айыл-чарба жана коопсуздук сыяктуу бир катар тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Мындан тышкары, уюмдун иши төрт негизги багыттар боюнча жүргүзүлдү. Анын биринчиси - бул, Ассамблеянын функционалдык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, экинчиси - түрк кызматташтыгынын башка институттары менен өз ара алаканы бекемдөө, үчүнчүсү - түрк тилдүү элдердин маданий мурастарын даӊазалоо жана жайылтуу, ал эми төртүнчүсү - кызматташуунун эл аралык платформаларында ТүркПАнын аброюн көтөрүү",- деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Аталган багыттарга учкай токтолгон Дастанбек Жумабеков түрк тилдүү элдердин маданий жана тарыхый мурастарын даӊазалоодо ТүркПА ар дайым жигердүү экенин билдирип: "2018-жыл биз үчүн маанилүү жылдардан болууда. Алсак, быйыл Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн атактуу уулу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип, ассамблеянын алкагында бир катар маарекелик маанилүү иш-чаралар өтүүдө", - деди.

Мындан сырткары, эл аралык ишмердүүлүккө байланышкан маселелерге да токтолгон Жогорку Кеӊештин Төрагасы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын күзгү 17-жыйыны Кыргызстанда өткөнүн эске салып, аталган жыйындын алкагында тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо багытында кеӊири талкуу болгонун маалымдады.

Сөзүнүн соӊунда Төрага Дастанбек Жумабеков ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн катарын башка түрк тилдүү мамлекеттер менен да толуктоо зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле бүгүнкү отурумдун алкагында Ассамблеяга төрагалык кылуу милдети Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынына өткөрүлүп берилди.

Ассамблеяга төрагалык кылуу милдетин алган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагалыгы алдында арбын иштер аткарылганын белгилеп, боордош өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган кызматташтык мындан ары да жигердүү улантыларын билдирди.

Мындан сырткары, ТүркПА Кеӊешинин бүгүнкү 8-отурумунда ассамблеянын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маселелер талкууланып, Измир декларациясын кабыл алуу шарттары каралды.

Эскерте кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы ТүркПАнын жыйындарына катышуу үчүн Түркия Республикасынын Измир шаарында иш сапар менен жүрөт. Делегация курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов бар.

Пикир

Оставить комментарий