• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төрага Жумабеков Түркия парламентинин спикери Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Түркия Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Парламент жетекчилери бири -бирин бардык мусулмандар үчүн ыйык болгон Курман айт майрамы менен куттукташып,Кыргызстан менен Түркиянын бир тууган элдерине жакшылык, бакыт –таалай жана жыргал турмуш каалашты.

Төрага Жумабеков коронавирус пандемиясы учурунда кыргыз элине көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын, республикабыздын жалпы жарандарынын, жеке өзүнүн атынан Түркия тарапка ыраазычылык билдирди.

Маектешүү учурунда тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин жана парламенттер аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар COVID-19 ааламдык пандемиясынын шартында тыгыз кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий