• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төрага Жумабеков Таласта чек ара кызматкерлерине турак-жай тапшыруу аземине катышты

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. Талас облусунда жумушчу иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 26-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029-бөлүгүнө барып, чек ара кызматкерлерине жаӊы курулган көп батирлүү турак жайды тапшыруу аземине катышты.

Төрага чек арачылар менен алардын үй-бүлөлөрүн жаӊы батирлүү болушу менен куттуктап, азыр мындай турак жайлар ордо калаада эле эмес, өлкө аймактарында да курулуп жатканын белгиледи.

«Чек арачылардын жумушу оор, кыйла кооптуу, бирок алардын күжүрмөн аракетинин аркасында биз туруктуу жагдайда жашап келебиз. Силер Кыргызстанда тынч абалдын туруктуулугу үчүн өз өмүрүӊөрдү тобокелге салып жатканыӊарды жакшы билебиз. Күч органдары, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн турак-жай куруу салты мындан ары да улана турганына тереӊ ишенем», - деди Жумабеков.

Спикер Мамлекеттик чек ара кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын, ошондой эле балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сомдун тастыктамасын тапшырып, чек арачыларга бакут турмуш, ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Жумабековдун Талас облусундагы иш сапарын депутаттар Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий