Төрага Жумабеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чараларга катышты (фоторепортаж)

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиевалардын катышуусу менен “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Иш-чаранын алкагында 1916-жылдагы жана саясий репрессиялардын курмандыктарына, Чыӊгыз Айтматов менен 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында каза болгондордун урматына арналып тургузулган, мемориалдык комплекстерине гүл чамбарлар коюлду. Андан тышкары, ата-бабалардын арбактарына багышталып куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий