• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков Токтогул районундагы Үч-Терек айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеӊешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү кеӊештин депутаттары региондогу көйгөйлөрдү Жогорку Кеӊеш Төрагасына тизмектеп беришти. Анда жергиликтүү тургундар жолдордун оӊдолуп-түзөлүшүн, башкача айтканда, Үч-Терек – Өзгөрүш айылдарынын ортосундагы 25 км жолду асфальттоону аягына чыгарууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн.

Каражаттын чектелүүлүгүнөн улам ар бир эки жылда аталган жолдун болгону бир гана чакырымы асфальтталууда. Жол аягына чыкканга чейин эле башта асфальтталган бөлүктөрү жарактан чыга баштаган.

Ошону менен катар аталган айылдык аймакка оорукана куруу зарылдыгы, мектептерге капиталдык ремонт жүргүзүү жана бала бакчаларды куруу маселелери айтылды.

Үч-Терек айылдык кеӊешинин депутаттары деӊиз деӊгээлинен 1973 метр бийиктикте жайгашкан Жетиген калктуу пунктуна бийик тоолуу айыл макамын ыйгаруу маселесинин чечилишине жардам кылууну суранышты.

Ошондой эле жалпы эле Токтогул районундагы жаш үй-бүлөлөрдүн турак-жай куруусуна жер тилкелеринин жетишсиздиги белгиленди.

Жумабеков жолугушууда айтылган маселелерди көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди.

«Жер тилкелерин трансформациялоо маселеси – бул күндүн көйгөйүнө айланган маселе. Ал республиканын баардык аймактарында көтөрүлүүдө. Ал эми жолдорду, ооруканаларды, бала бакчаларды куруу жана мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүү маселелерин ыраатуу түрдө, кезек-кезеги менен чечебиз. Сиздер өзүӊүздөрдүн регионуӊуздар үчүн кабатырланып, анын өнүгүшү үчүн баардык аракетиӊиздерди көрүп жатасыздар. Албетте, биз элибиздин татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек»,- дейт Жумабеков.

Пикир

Оставить комментарий