• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төрага Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери 94 жаштагы Аспек Жумашев менен 97 жаштагы Алексей Варавиндин үйүнө барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Аспек Жумашев өз кезегинде “Ата-Мекендик согуш” ордени жана “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы менен сыйланган. Байбичеси Эсенбүбү экөө сегиз баланы өстүрүп, учурда 21 неберенин жана 11 чөбөрөнүн бактылуу чоң ата-чоң энеси. Аспек Жумашев өмүр бою эл үчүн иштеп, коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып келген.

Ардагер Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуу учурунда өткөн өмүрү тууралуу айтып берип, өзү кызыгып байкоо салган өлкөбүздөгү жагдайлар боюнча да пикирин билдирди.

“Мен ири өзгөрүүлөр маалында жашап, баарын көрдүм. Тарых менин көз алдымда өттү десем болот. Жашоомдо болуп өткөндөрдү жана ага чейинки окуялардын баарын эстейм. Мен өлкөбүз өнүгүп, жакшы жакка өзгөрүп жатканына сыймыктанам”, – деп кошумчалады Аспек Жумашев.

Ал эми согуштун дагы бир катышуучусу Алексей Варавин II даражадагы “Ата-Мекендик согуш” жана Кызыл жылдыз орденине ээ болгон. Ардагер Төрага Дастанбек Жумабековго өзү Таластан экенин жана мектепти бүтөр менен согушка аттанганын айтып берди.

“1941-жылдын 18-июнунда мектепти бүттүм, үч күндөн кийин согуш башталды. Мени менен курдаш адамдардын баары согуштун кесепетин тартты. Бирок биз күрөштүк, душманга каршы турдук. Анткени биз артыбызда Ата-Мекенибиз турганын билчүбүз, жерибизге душманды киргизбес элек. Согуш бүткөндөн кийин Харьков шаарында билим алып, коопсуздук органдарында иштедим. Бирок мекеним өзүнө тартып туруп алды, акыры Кыргызстанга кайттым. Бул жактан да ишимди уланттым. Азыр баары жакшы. Өлкөдө болуп жаткандардын баарын көрүп турам. Коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө абдан кубанычтамын”,– деди Алексей Варавин.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине согуш учурунда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Баскынчылар менен күрөшүп, Ата-Мекенин коргоодо албан эмгек жумшаган согуштун жана ооруктун ар бир катышуучусуна башымды ийип таазим этем. Силердин эрдигиңер биздин жүрөгүбүздө жана Кыргызстандын тарыхында түбөлүк кала берет. Биз силердин тайманбас аракетиңердин арты менен жашап жатабыз жана баарыңарга карыздарбыз. Жеңишке чейин согуш талаасында каза болгондорду да унутпайбыз, дайыма эскерип жүрөбүз. Баатырлар түбөлүккө даңкталат”,– деп билдирди Дастанбек Жумабеков.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы ардагерлерге акчалай жардам көрсөтүп, азык-түлүктөрдү тапшырды. Белгилей кетсек, бүгүн Улуу Ата-Мекендик согуштун айрым катышуучуларын парламенттик фракциялардын лидерлери да үйүнө барып куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий