• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төрага Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретти кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууга алынды.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, мамлекеттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө салым кошооруна үмүт артарын билдирди.

Андан тышкары, төрага Кыргызстандагы жаңыланууларга токтолуп: “Биз адам укугун жана мыйзам үстөмдүгүн жактаган парламенттик-демократиялык башкаруу багытын тандап алдык. Андыктан бул жаатта тажрыйбасы мол Улуу Британия өлкөсү менен кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Ошондой эле Кыргызстан бардык өнөктөштөр менен өз ара саясий диалогду чыңдоого жана ар кандай багыттагы алакаларды арттырууга даяр экендигин айткан Дастанбек Жумабеков: “Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу башкы максаттарыбыздын бири. Ага ылайык, элчилик ишмердүүлүгүңүздүн алкагында аталган багыттар боюнча жигердүү иш алып барасыз деген ишеничтемин”,– деп кошумчалады. Муну менен катар Брексит жол-жобосу боюнча маселелер Британия элинин кызыкчылыктарына ылайык, ийгиликтүү чечилээрине үмүт кыларын билдирди.

Өз кезегинде Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт айтылган бардык маселелер маанилүү экенине токтолуп, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын белгиледи.

“Биз мамлекет менен жеке ишкердик чөйрөсүнүн ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртууга, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин ишине көмөк көрсөтүүнү улантабыз”, – деди элчи.

Буга кошумча элчи парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле жолугушууда 2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоо тууралуу да сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий