• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төрага Жумабеков: Жарандык коомду күчтөндүрүү, шайлоо системасын жакшыртуу – башкы максатыбыз

Саясат 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Жарандык коомду күчтөндүрүү, шайлоо системасын жакшыртуу – биздин башкы максатыбыздын бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушуу учурунда билдирди.

Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолгон Жумабеков гендердик теңчиликти камсыздоо, саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо сыяктуу бир катар иштер тынымсыз улантылып жатканын кошумчалады.

"Андан тышкары биздин башкы максатыбыз демократиялык баалуулуктардын чегинде, парламентаризмди өнүктүрүү" – деген Жумабеков, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу өлкөнүн келечегине керектүү чечимдерди кабыл алууда Жогорку Кеңеш жигердүү иш алып барып жатканын баса белгиледи.

Жумабеков Кыргызстан эл аралык уюмдар менен болгон алаканы арттырууга, анын ичинен ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Парламенттик демократиялык өнүгүү жолун тандап алган өлкөбүз үчүн бул жаатта ийгиликтүү өнүгүп жаткан мамлекеттердин тажрыйбасы өтө зарыл. Айрыкча, ЕККУнун алкагында мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана адам укугун коргоо багытында кызматташуу учур талабы. Жогорку Кеңеш да ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы аркылуу байланышты чыңдоого кызыкдар", – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий