• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төрага Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттардын тобу Баткенге жөнөп кетишти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен областынын Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча чукул кеңешме өткөрдү.

Анын жыйынтыгында Төраганын тапшырмасы менен вице-спикер М.Бакиров баштаган депутаттардын тобу чукул арада Баткен областына иш сапарына жөнөп кетмей болду.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскери курман болду. Саат 21:30га карата ок атышуу токтогон.

Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү.

КР Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, эки чек арачы жана Манас айылынын тургундары жабыркаган.

Ал ортодо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, мамлекеттик чек араны коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий