• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төраганын 50 миң сом "сүйүнчүсү". Шайлдабекова БШКнын чечими боюнча комментарий берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20./Кабар/. ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом "сүйүнчү" бергенине байланыштуу анын талапкерлигин көрсөтүп жаткан "Кыргызстан" партиясына эскертүү берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"БШК коллегиалдык орган. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Жумушчу топ маселени карап, айрым ресурстардын колдонулушун тактап, аны талапкердин катарынан чыгаруу сунушун берген. Бирок ал маселени комиссия караганда ал сунуш жетиштүү добушка ээ болбой, сунуш өтпөй калды. Ошол эле учурда отурумдун жүрүшүндө башка сунуштар - партияга же талапкердин өзүнө эскертүү берүү сунушу болуп, партияга эскертүү берүү чечими кабыл алынды", - деди ал.

Эскерте кетсек, төрага Дастан Жумабеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын ысымы берилген ымыркайдын энесине 50 миң сом "сүйүнчү" берген. Бул маселе социалдык тармактарда талкууланып, айрымдар ал нерсени добуш сатып алуу деп баалаган. Дастан Жумабеков "Кыргызстан" партиясынын талапкери болот.

Пикир

Оставить комментарий