• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Төраганын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин отуруму өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.20./Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин биринчи отуруму өттү.

Эскерте кетсек, Кеңештин курамына парламент депутаттары, вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева баштаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кирген.

Отурумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов аталган Кеңеш биринчи кезекте чет өлкөдөгү мекендештер менен Жогорку Кеңеш жана башка мамлекеттик органдар ортосундагы байланышты бекемдөө максатында түзүлгөнүн белгилеп, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана жарандык коомдордун өкүлдөрү менен бирге тиешелүү демилгелерди талкуулоо үчүн аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.

"Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу органы катары миграциялык процесстерди жөнгө салуу багытында жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу менен аны ишке ашыруу алкагында жигердүү аракет көрүшү керек. Муну менен катар эл аралык макулдашуулар базасын кеңейтип, адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатында иш алып баруусу шарт", - деди Талант Мамытов.

Талкуу маалында чет өлкөдөгү мекендештердин актуалдуу көйгөйлөрү каралды. Анын ичинен Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы туруктуу аба каттамдарын калыбына келтирүү, жарандардын кайтуу жана учуу маселелерине тиешелүү уруксаат документтери боюнча абал, андан сырткары, чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүүгө байланышкан кенемте төлөө маселелери талкууланды.

Отурум соңунда Төрага Талант Мамытов Россия Федерациясынын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган жарандарды аталган тизмеден чыгаруу боюнча иштерди күчтөндүрүүнү, туруктуу аба каттамдарынын санын көбөйтүү боюнча Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жигердүү улантууну жана аталган өлкөгө учуу тартиби тууралуу жарандарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Андан сырткары, Кеңештин 2021-жылга карата иш планын иштеп чыгуу жана мамлекеттик-мунициалдык органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор менен натыйжалуу кызматташтыгын камсыздоо тууралуу Катчылыгына тапшырма берүү чечими кабыл алынды.

Төрага отурумдагы мүчөлөрдү Кеңештин ишине жигердүү катышууга чакырып, COVID-19 пандемиясы маалында калктын аялуу катмары катары мигранттар колдоого муктаж экендигине токтолду. Ошондой эле Төрага мамлекет жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укук ченемдерине ылайык, мекендештерди колдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий