• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төраганын атынан "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" сынагынын жеңүүчүсүнө сыйлык тапшырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакта жеңишке жетишкендиги үчүн Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучусу, 16 жаштагы Нуржигит Момунбаевге ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мектеп-интернаттын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекова берилген сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакка 45 тарбиялануучу катышканын, анын ичинен 9 сүрөт республикалык сынакка көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жыйынтыгында Нуржигит Момунбаевдин "Сыйкырдуу шар" аталышындагы сүрөтү эң мыкты деп табылган.

Андан тышкары, Рахат Назарбекова Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернаты 1959-жылы негизделип, алгач чабандардын балдары окутулганын, өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жетим балдар тарбиялана турган жайга айландырылганын кошумчалады.

"Азыр интернатта 231 бала окуп, 105 бала туруктуу жашайт. Алардын ичинен он бири тоголок, кырк беши жарым-жартылай жетим", - деди Рахат Назарбекова.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий