• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төраганын орун басары А.Кодуранова Бишкек шаарындагы дүлөй балдардын мектеп-интернатына барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Асель Кодуранова менен социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова Бишкек шаарындагы дүлөй балдардын республикалык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды.

Депутаттар тарбиялануучулар үчүн түзүлгөн мектеп-интернатындагы шарттар, окуу процесстери жана мекеменин материалдык базасы менен таанышты. Анын ичинде эл өкүлдөрү дарыгерлердин кабинетин, жатак жана оюн бөлмөлөрүн, окуу класстарын көрүп чыгышты. Андан соң балдар өздөрү тиккен буюмдарын, тарткан сүрөттөрүн жана “Ар дайым күнүм болсун” темасындагы кол эмгектеринин көргөзмөсүн тартуулашты.

Ошондой эле депутаттар тарых сабагынын алкагында жамааттык колдонуудагы уктуруучу жабдуулар менен жүргүзүлгөн окуу процессине да күбө болушту. Мындан сырткары, тажрыйбалуу педагогдордун жардамы менен тарбиялануучулардын угуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга, сөздөрдү жана дабыштарды айрып билүүгө үйрөткөн угуу кабинетинин иши менен да таанышышты.

Мекеменин спорт залында тарбиялануучулар жана педагогдор курамы менен жолугушкан Жогорку Кеңештин депутаттары окутуучуларга талыкпаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар каржылык жана башка маселелерин чечүүгө көмөктөшөрүн убада кылышты. “Эмгегиңер өтө зор, биз сиздерге колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бүгүнкү жолугушуудан кийин мен Өкмөткө мектеп-интернатынын бир катар имараттарын, анын ичинде спорт залын оңдоого зарыл болгон акча каражатын табуу маселесин коем”, – деди Асель Кодуранова.

Жолугушуу алкагында депутаттар тарбиялануучуларга окуу куралдарын тапшырышты. Белгилей кетсек, аталган мектеп-интернатында өлкөнүн бардык аймактарынан келген 293 бала тарбияланат, анын 280и жатып окуйт.

Мындан соң, Асель Кодуранова менен Гүлкан Молдобекова балдардын церебралдык параличи (ДЦП) дартына чалдыккан 13 жаштагы Равил Юбаздан кабар алып, ага көп функционалдуу майыптар арабасын тапшырды. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Равилге ден-соолук, жакындарына сабырдуулук тиледи. Кечээ күнү эле “Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору биринчи окууда каралганын айткан Асель Кодуранова: “Токтом кабыл алынса, сиздер мамлекет тарабынан кошумча каржылык колдоо аласыздар”, – деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий