• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төраганын орун басары Аида Касымалиева иш сапары менен Казакстанга барды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева иш сапары менен Казакстан Республикасынын борбору Нур-Султанга барды.

Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин Жогорку Кеңештин делегациясын Нур-Султан шаарында уюштурулган “Президенттик институт: казакстандык модель” аталышындагы эл аралык конференцияга катышуу үчүн расмий чакырган.

Иш сапардын алкагында алгач КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Казакстан парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Аттокуров жана Руслан Чойбеков катышты.

Анда эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө жана коңшу мамлекеттердин карым-катнашын мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды.

“Бүгүн иш сапары менен Бишкек шаарына барган Президент Касым-Жоомарт Токаевди биздин өлкөдө кубануу менен кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин парламенттер аралык тыгыз мамилеси жогорку деңгээлде өнүгө берерине үмүтүм чоң. Эки мамлекеттин депутаттары бардык багыттарда кызматташып, депутаттык достук топтордун алкагында да жакындан иш алып барууда. Мындан ары эки өлкөнүн парламенттеринин жаш депутаттары жана “Депутат айымдарынын форуму” аркылуу да кызматташууну бекемдеп, мамлекеттер аралык алаканы жогорулата алаарыбызга терең ишенем”, - деди Аида Касымалиева.

Андан соң, Төраганын орун басары “Президенттик институт: казакстандык модель” аталыштагы эл аралык конференцияга катышты.

Пикир

Оставить комментарий