• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төраганын орун басары Азыгалиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Ташкент шаарындагы иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан коңшу Өзбекстан мамлекети менен бардык багыттагы байланышты чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп: “Боордош эки элдин өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүктүгү жылдан-жылга өнүгүп келет. Айрыкча өлкө башчыларыбыздын алгылыктуу аракети менен кызматташтыгыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, – деди.

Муну менен катар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга уюштурулган мамлекеттик иш сапары өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түзгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун эске салган Нурланбек Азыгалиев калыптанган алакаларды мындан ары өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын ролу чоң экенине токтолду.

“Биз Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси менен жигердүү кызматташып, эки тараптуу диалогду кеңейтүүгө жана КМШ ПАА, ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы байланышты чыңдоого кызыкдарбыз” – деген төраганын орун басары парламенттер аралык комиссия да боордош эки элдин мамилесин арттырууга көмөкчү болорун белгиледи.

Андан тышкары жолугушууда экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз болуп, Нурланбек Азыгалиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси да артыкчылыкка ээ экенин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева да мамлекеттер аралык байланышты чыңдоодо парламенттердин ролу жогору экенин айтып, бул жааттагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашуусуна Өзбекстан парламентинин эки палатасы тең кызыкдарбыз жана бардык макулдашууларды колдойбуз", - деген Танзила Нарбаева парламенттеги тармактык комитеттердин жана жергиликтүү кеңештердин ортосунда да диалогду кеңейтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, бүгүн өткөрүлө турган Парламенттер аралык комиссиянын III отурумунун күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер камтылганын эске салып, анын ийгиликтүү жыйынтыкталарына ишеним артты.

Эскерте кетсек, Нурланбек Азыгалиев баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Ырысбек Атажанов, Фарходбек Алимжанов, Нилуфар Алимжанова, Фархат Исмаилов бар.

Пикир

Оставить комментарий