• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Төрага Ч.Турсунбеков Түркмөнстандын элчиси Ш.Шередов менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Шадурд Мередовду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин Төрагасы Түркмөнстан менен болгон достук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп: "Кыргыз тарап өз ара ишенимге жана сый-урматка негизделген кызматташтыкты улантууга өзгөчө маани берет",- деди. Ошондой эле бул мамлекеттер аралык байланыштарды чыӊдоого өбөлгө болорун кошумчалады.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурд Мередов өз кезегинде эки өлкө ортосундагы өз ара алакалар жылдан жылга өнүгүү менен бирге, ар тараптуу кеӊейип жатканына токтолду. "Ар кандай деӊгээлдеги иш сапарлар туруктуу жана достук мүнөздү камтыйт " - деди элчи.

Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу зарылчылыгы да айтылды. Тараптар белгилегендей, эки өлкөнүн парламенттери саясий диалогду өнүктүрүүдө эле эмес, соода-экономикалык багыттагы өнөктөштүктө жана Кыргызстан менен Түркмөнстандын инвестициялык алакаларын өнүктүрүүдө дагы зор мүмкүнчүлүккө ээ.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү күндө өз ара соода байланыштарынын туруктуу өнүгүү динамикасына токтолуп: "Биздин алдыбызда соода-экономикалык тармактагы кызматташтыкты арттыруу жана аны жаӊы сапаттуу деӊгээлге чыгаруу маселелери турат", - деди.

Андан тышкары, жолугушуу алкагында тараптар баардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча да пикир алышты. Ошондой эле түркмөн тарап Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго ыңгайлуу бир учурда Түркмөнстанга расмий сапар менен келип кетүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий