• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ч.Турсунбеков: "Үстүбүздөгү жылы КР менен Ирандын ортосунда түз аба каттамы ачылат"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешини Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Иран Ислам Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Тегеран шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ага Жогорку Кеӊеш депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Данияр Аттокуров, Жыргалбек Турускулов, Абдимуктар Маматов, андан тышкары, Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Авазбек Абдуразаков катышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы учурдагы саясий абал тууралуу мекендештерине маалымат берген Төрага Чыныбай Турсунбеков, 2016-жылы өткөн референдумдун негизинде парламенттин ролунун кеӊейиши жана өкмөттүн ыйгарым укуктарынын арттырылышына байланыштуу Жогорку Кеӊеш эл аралык алакаларды, анын ичинде Иран менен болгон мамилелерди чыӊдоого аракет кылып жатканын билдирди.

"Парламенттик делегациянын алгачкы расмий иш сапарынын алкагында эки өлкө үчүн өтө маанилүү болгон, айрыкча, саясий пикир алышууларды аттырууга, соода-экономикалык өнөктөштүктү кеӊейтүүгө, андан тышкары, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөр өткөрүлдү", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Мекендештер менен болгон сүйлөшүү учурунда эки өлкө ортосунда түз аба каттамынын жоктугу башкы көйгөй катары айтылды. Бул боюнча Төрага Чыныбай Турсунбеков ушул жылдын июнь айында Бишкек-Тегеран-Бишкек каттамы боюнча авиарейстер ачыла турганын билдирди. Эки тараптуу иш сапарлар жана парламенттер аралык кызматташтык өз жемишин бере баштаганына токтолгон Жогорку Кеӊеш Төрагасы: "Июнь айында Кыргызстан менен Ирандын ортосунда аба каттамы ачылат, буга кошумча, визалык катташуу жараяндарын жеӊилдетүү чечими да кабыл алынган" - деп, бул өзгөрүүлөр эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштардын арттырууга көмөкчү болорун кошумчалады.

Ал эми кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкек-Тегеран-Бишкек аба каттамынын ачылышы жөнөкөй жарандардын сапарларын оӊойлоуп, каржылык жана убакыт жактан үнөмдүүлүккө алып келерин белгилешти.

Ал эми парламент депутаттары мекендештердин көйгөйлөрүн чечүүдө диаспоранын аракетин ыкчамдатуу, айрыкча кыргыз маданий баалуулуктары менен салттарын сактоо жана жайылтуу багытында иш алып баруу зарылчылыгына токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий