• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кар туткунунда калган Ак-Сай өрөөнүндөгүлөр боюнча маалымат алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков катуу борошодон улам Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнө кеткен жолдун жабылып калгандыгына байланыштуу, тиешелүү бийлик органдарынан кар туткунунда калган элдин абалы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен байланышып, абалды жөнгө салуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштеринен кабар алды. Ошондой эле тиешелүү мекеме жетекчилерине керектүү жардамдарды кечиктирбей берүү менен кырдаалды тез арада калыбына келтирүү керектигин тапшырды.

Эске салсак, Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө 12-14-март күндөрү катуу борошо болуп, Торугарт-Көк-Кыя-Кында унаа жолундагы кар күрткүдөн Ак-Сай өрөөнүнө кетчү жол жабылган. Ага кошумча, аймакта жааган кардын көлөмү нормадан көп болуп, өрөөнгө өзгөчө кырдаал абал киргизилген. Учурда аким баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жеринде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий