• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Бүгүн, 4-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Улуу Ата Мекендик согуштун бир катар ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда дүйнө элин фашизмден куткарууда аталардын жасаган эрдигин баса белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков кан күйгөн майданда каармандык көрсөтүп, Ата Мекен үчүн күрөшкөн аталарыбыз, тылда тынымсыз эмгек кылган апаларыбыздын арты менен азыркы жаркыраган жакшы турмуштун пайдубалы түптөлгөндүгүн айтты.

Ошондой эле, миллиондогон адамдардын өмүрүн алган кан күйгөн согушта, канчалаган аталар кайтпай калганын эске салган Чыныбай Турсунбеков: "Аман-эсен келгендеринин да саны жылдан-жылга азайып баратканы баарыбызды түйшөлтүүдө. Андыктан, өзүӊөр тартуу кылган эгемендүү өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн ак батаӊарды берип, арабызда аман болгула. Силер менен дагы далай жолугушууларды Кудайым насип кылсын. Ата Мекен үчүн кылган эбегейсиз эмгегиӊер, унутулбайт. Атыӊарды ардактап, даӊктуу жеӊиш майрамын түбөлүккө калтыруу бүгүнкү муундун да, келечектин да милдети", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, ардагерлерге Жогорку Кеӊештин Төрагасынын жеке фондунан материалдык жардамдар берилди.

Ал эми согуштагы кыйын учурлары тууралуу учкай кеп кылган ардагерлер мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазычылык билдиришти. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов Кыргызстандагы акыркы жетишкендиктерге токтолуп: "Биз согушта улуттар аралык ынтымак, биримдик менен жеӊгенбиз. Азыр өлкөбүзгө "Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу" өтө зарыл. Албетте, ардагерлерге жасап жаткан сый-урматыӊыздар үчүн ыраазыбыз. Жеӊиш үчүн кылган далалатыбыздын акыбети эгемендүү өлкөбүздүн өнүгүшү менен кайтат деген үмүтүбүз чоӊ", - деди.

Белгилей кетсек, ардагерлер менен болгон жолугушууга Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий