• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖК Төрагасы Дастанбек Жумабеков Грузия элчиси Зураб Абашидзени кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 28-ноябрда Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Зураб Абашидзени кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков маектешин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жаңы дипломатиялык миссиясына ийгиликтерди каалады.

Эки мамлекет ортосундагы достук мамилелердин маанисине токтолгон Д.Жумабеков эки өлкөнүн алакалары өнүгүп, бекемделерине ишенерин билдирди. “Эки жактуу кызматташуунун маанилүү багыттары биздин өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү кеңейтүү болуп саналат”,- дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы. Ошондой эле ал Кыргызстанга сот тутумун реформалоо боюнча Грузиянын тажырыйбасы кызыктуу экенин белгиледи.

Өз кезегинде Грузия элчиси Зураб Абашидзе кыргыз элин Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин кызматташуусунун азыркы абалы менен келечегин, ошондой эле эки жактын тең кызыкчылыктары эске алынган бир катар маселелерди талкуулашты. Тараптар туризм, маданият, айыл чарбасы жана соода-экономика тармактарындагы өнөктөштүктү тереңдетүү ниеттерин билдиришти.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз Республикасы инвесторлор үчүн ачык өлкө экендигин, алар үчүн баардык зарыл болгон шарттар түзүлгөндүгүн жана дагы да түзүлүп жаткандыгын айтты.

Элчи Зураб Абашидзе Кыргызстан менен Грузиянын жеке эле саясый жана парламенттер аралык диологду өнүктүрүүдө эмес, экономима менен туризм тармагын өнүктүрүүдө дагы чоң потенциалы бар экендигине токтолду. Ал Грузиядагы ийгиликтүү жүргүзүлгөн реформалар жана ошондой эле өлкө экономикасынын өнүгүшү тууралуу кеп куруп берди. Ошону менен катар жакын арада Кыргызстанда Грузиянын Ардактуу консулдугу институтунун ачылышы мерчемделип жаткандыгын кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ар кандай бизнес-форумдарды өткөрүү, эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу эки мамлекет ортосундагы байланыштын бекемделишине түрткү болорун ишенимдүү түрдө белгилешти.

Жыйынтыгында Зураб Абашидзе Грузия Парламентинин Спикеринин саламын айтып, грузин тарап Жогорку Кеңештин Төрагасы башында турган парламенттик делегациянын расмий иш сапар менен келип кетишин күтүп жаткандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий