• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төрагасынын орун басары Азыгалиев ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Мирлан Самыйкожо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов да катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары белгилегендей, Кыргызстан ЕККУну коопсуздук жана кызматташтык жаатындагы маселелерди талкуулоо үчүн негизги аянтча катары карайт. Ал белгилегендей коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сот жана укук коргоо органдарындагы реформалар, санариптештирүү жана эффективдүү мамлекеттик башкаруу, киберкоопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактардагы колдоо үчүн Кыргызстан өзгөчө ыраазычылык билдирет. Нурланбек Азыгалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишин айтып жатып,«ЕККУнун сунуштары жана консультациялык-эксперттик жардамдары көптөгөн чөйрөлөрдө, анын ичинде саясий, укуктук жана демократиялык реформаларды илгерилетүү боюнча практикалык жактан колдонулат», - деп баса белгиледи.

ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмид Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Ал ЕККУнун Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты. Хельга Мария Шмид ЕККУ Кыргызстандын тоо экосистемаларын коргоо, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту түзүү, жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо боюнча аракеттерин жогору баалай турганын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында кызматташуу маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий