• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түрк адабий журналы бир санын драматург Султан Раевге арнады

Маданият 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Түркияда "Темрин" адабий журналы бир санын кыргыз жазуучусу Султан Раевге арнады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баракчасында жарыяланды.

Журналдын башкы редактору Шериф Йлмаз кыргыз жазуучусун "бир гана кыргыз улуттук адабиятынын эмес, азыркы түрк адабиятынын мыкты өкүлү" деп атаган.

Султан Раевдин аңгемелери жана повесттери орус, түрк, кытай, англис, француз, украин, казак, өзбек тилдерине которулган.

Автордун драмалык чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө сахналарда коюлган. Жазуучунун чыгармачылыгы боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат.

Султан Раев Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү.

Журнал буга чейин өз сандарын кыргыз адабиятынын классиктери Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармаларына арнаган.

Пикир

Оставить комментарий