• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түрк дүйнөсүнүн университеттеринин ассоциациясынын I Спорт оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13-май /Кабар/. Түрк Кеңешинин жана Түрк Кеңешине кирген ɵлкɵлɵрдʏн университеттеринин ассоциациясынын биргелешип алган чечиминин негизинде Бишкек шаарында 2017-жылдын 15-майынан 19-майга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеТүрк дʏйнɵсʏ университеттеринин биримдигинин 1-спорт оюндары ɵткɵрүлɵт. Бул тууралуу “Манас” Кыргыз-Түрк университетинен билдиришти.

I Спорт оюндарыТүрк кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдөгү университеттердин биргелешип иш алып барууcун жана достук мамилелерин чыңдоо максатында уюштурулууда жана төмөнкүдөй милдеттерди көздөйт:

- Түрк кеңеши мамлекеттеринин студенттеринин арасында дене тарбия жана спортту ɵнүктүрүү, жайылтуу жана даңазалоо;

- Студенттердин күнүмдүк жашоосуна дене тарбияны, улуттук жана олимпиялык спорт түрлɵрүн киргизүү, алардын сергек жашоого кызыгуусун арттыруу;

- Студенттердин достук жана биримдик мамилелерин тереңдетүү;

- Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн университеттеринин эң мыкты спортчуларын

аныктоо.

Мелдештер спорттун 6 түрү боюнча өткөрүлөт.

I Спорт оюндарынын ачылышы 2017-жылдын 15- май күнү кечки саат 20.00 белгиленген.

Мелдештерге 4 өлкөнʏн 11 университеттеринен 251 спортчулар жана машыктыруучулар келе баштады.

Пикир

Оставить комментарий