• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери онлайн форматта жыйынга чогулушту

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (Түрк кеңеши) мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин траснпорт министрлери үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде коронавируска каршы күрөшүүдө орток аракеттер боюнча өз ара пикир алмашуу максатында видеоконференция аркылуу кеңешме өткөрүштү. Бул тууралуу Түрк кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган кеңешме Түрк кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен 2020-жылдын 10-апрелинде өткөрүлгөн "COVID-19 илдетине каршы күрөштө орток иш-чаралар” деген темадагы кезексиз жыйынында кабыл алган чечимдеринин негизинде болуп өткөн.

Түрк кеңешине төрагалык кылган Азербайжан Республикасынын транспорт, байланыш жана жогорку технологиялар министри Рамин Гулузаденин демилгеси менен болуп өткөн жыйынга Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев, Түркия Республикасынын транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Элёр Ганиев, Казакстан Республикасынын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министринин орун басары Берик Камалиев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев жана Венгрия Республикасынын транспорт саясаты министри Ласзло Мосочи катышты.

Аталган жыйында кеңешке мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери коронавируска каршы күрөштө ар бир өлкөнүн аткарып жаткан иш-аракеттери жана мамлекеттер аралык жүк ташуу бонча маселелерди чечүүнүн практикалык чараларды көрүү боюнча боюнча пикир өз ара пикир алышышты.

Ошондой эле тараптар коронавирустук инфекциянын экономикага болгон таасиринин алкагында боло турган транспорт тармагындагы болжолдуу пландар боюнча да сүйлөшүү жүргүзүштү. Кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы конкреттүү долбоорлор менен терең кызматташтыкты күчөтүү маанилүү экенин баса белгилешти.

Ошондой эле тамак-аш коопсуздугу үчүн транспорт тармагында аткарыла турган иштер, мамлекеттердин ортосунда дары-дармек жана медициналык каражаттар менен кошо гуманитардык жана негизги керектөөчү товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн зарыл чараларды көрүү маанилүү деп эсептешти.

Тараптар глобалдык пандемиянын региондогу өлкөлөрүнүн экономикаларына терс таасиринин жоюлушуна жардам берүү үчүн Транскаспий Чыгыш-Батыш эл аралык транспорттук коридори аркылуу жүк ташууну жеңилдетүү актуалдуу чара деп баса көрсөтүштү.

Министрлер гуманитардык жана негизги керектөөчү товарларды, дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды жеткирүү үчүн жүк ташуучу унааларды чек ара өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө өлкөлөрдүн бири-бирине көмөк көрсөтүүсү жана ушул жааттагы келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишишти. Ошондой эле өз ара транзиттик уруксаттар, транзит-өткөрүү төлөмү, айдоочулук визалар боюнча өз ара келишимдердин негизинде жардамдашып турууга макул болушту.

Тараптар келип чыккан маселелерди тез арада чечүү жана пандемия учурунда жана андан кийин транспорттук жана логистиканы натыйжалуу координациялоо максатында Түрк кеңешинин астында "Транспорт Координациялык Комитети" деп аталган министрликтердин орток "Жумушчу тобун" түзүүнү макулдашышты.

Пандемиядан келип чыккан чектөөлөрдү жоюу үчүн Түрк кеңешинин алкагында азык-түлүк, медициналык буюмдар жана башка керектүү товарларды транзиттик түрдө чукул өткөрүү үчүн мүчө мамлекеттердин ортосунда “Жашыл коридор” түзүүгө макулдашышты.

Ошондой эле алар "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы “Эл аралык бириккен жүк ташуу жөнүндө макулдашуу” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү убадалашты.

Тараптар Түрк кеңешинин транспорт министрлеринин кийинки жыйынын Будапештте өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий