• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түрк кеңешинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жумушчу сапар менен Бишкек шаарына келген Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК/Түрк кеңеши) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин түрдүү тармактардагы кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде, мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жана 2019-жылдын 15-октябрында Баку шаарында өткөн ТМККнын 7-Саммитинин чечимдеринин ишке ашырылышы жөнүндө пикир алмашышты.

ТМКК Башкы катчысы Б.Амреев Түрк кеңешинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ТМККнын Будапешт шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн ишке киришине байланышкан жумуштар тууралуу айтып берди.

Министр Ч.Айдарбеков Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүн экономика багытына интенсификациялоону улантуу керектигин, бул чөйрөдө бардык мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарын көздөгөн так долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ошондой эле Түрк кеңешинин багыттары боюнча 2020-жылга пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий