• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түрк Кеңешинин башкы катчысы Астанадагы Эл аралык "Жибек жолу өлкөлөрү" форумуна катышты

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев 2018-жылдын 18-сентябрында Астанада болуп өткөн жана туризм агенттиктери, эксперттери, журналисттер жана жогорку деңгээлдеги мамлекеттик өкүлдөр катышкан Жибек жолундагы өлкөлөрдө туризм багытын өнүктүрүү үчүн тажрыйба жана пикир алмашууга арналган “Эл аралык Жибек жолу өлкөлөрү" форумуна катышты.

Форумду ачкан Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы Жибек жолундагы өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун арттыруу үчүн транспорт инфраструктурасынын, маданияттын жана туризмдин мааниси чоң экендигин баса белгиледи.

Форумда башкы катчы Багдат Амреев “Жибек жолу өлкөлөрүндө туризмди өнүктүрүү үчүн Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыгынын перспективалары” деген темада ачылыш докладын окуду. Элчи Амреев Жибек жолун жандандыруунун мааниси - анын “баардык мезгилдердин эң чоң жолу” жана эбегейсиз потенциялга ээ болгон байланыш тору экендигинде жаткандыгын белгиледи.

Башкы катчы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн бай тарыхый-маданий мурастарын танытууга багытталган “Заманбап Жибек жолу орток Тур” программасы боюнча да брифинг берди.

Ошондой эле Түрк тилдүү өлкөлөрдүн туристтер үчүн кызыктуу борборго айланууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин, Түрк кеңеши бул багытта жакынкы келечекте керектүү иш-чараларды аткараарын да айтып өттү. Элчи Амреев ошондой эле Жибек жолундагы өлкөлөрдөгү туризмди өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Туризм Уюму (UNWTO), БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана БУУнун Түштүк Башкармалыгы (UNOSSC) менен болгон кызматташуу боюнча да маалымат берди.

Форумдагы ачылыш отурумунун биринчи панелинде Кытайдын Циндао облусунун туризмди өнүктүрүү комитетинин башчысы Ван Шуцзюань сөз алып, “Кемер жана жол” деген долбоор боюнча маалымат берүү менен бул долбоордун экономикалык курал эле эмес, Жибек жолундагы достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүчү туристик көпүрө боло турганын баса белгиледи.

Эл аралык - orexca.com сайтынын негиздөөчүсү катары сөз алган Наталья Ревина да панелист катары Өзбекстандын Жибек жолун өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы боюнча маалымат берди.

Иш чаранын соңунда Башкы катчы расмий сый тамака жана “Жибек жолу Сыйлыктарын” тапшыруу салтанатына катышты.

Пикир

Оставить комментарий