• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түрк кеңешинин Башкы катчысы Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу ТМККнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө төмөнкүдөй деп айтылат:

Түрк кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргыз Республикасындагы акыркы шайлоолордон кийинки болуп жаткан окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун белгилеп, баардык саясий топторду жана кыргыз жарандарын ар кандай зордук-зомбулуктан алыс болууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий стабилдүүлүктү кайра орнотуу үчүн аракеттенүүгө чакырат.

Түрк кеңешине мүчө-мамлекеттер боордош кыргыз эли жана мамлекеттик органдары өлкөдө болуп жаткан азыркы өз ара келишпестиктерди Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мамлекеттик мыйзамдарынын негизинде чечет деп толук ишенет.

Түрк кеңешинин куруучу мүчөлөрүнүн бири болуп саналган Кыргызстан Орто Азия чөлкөмүнүн стабилдүүлүгүндө жана Түрк дүйнөсүнүн интеграциясында ар дайым чечүүчү жана маанилүү рол ойногон. Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө Кыргызстан ар дайым салым кошо берет деп ишенебиз.

Түрк кеңеши Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга байкоо салуу менен, бир тууган Кыргызстандын эли тынчтык жолунда, өсүп өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн баардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий