• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнө 10 жыл болгондугуна байланыштуу Кеңештин Баш катчысынын Билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 03.10.19 /Кабар/. Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин Түрк Кеңешинин кезектеги жыйыны бүгүн Мамлекеттик резинденцияда өтөөрү каралган. Бул иш-чарага утурлай Түрк Кенешинин Баш катчысы Багдад Амреев өзүнүн расмий Билдирүүсүн жарыялаган. Төмөндө ал Билдирүү толугу менен келтирилген:

Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы Нахчиван келишиминин 10 жылдыгына карата жана "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү’’ боюнча Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын басма сөз билдирүүсү:

Түрк дүйнөсүнүн өз ара кызматташуусуна чоң өбөлгө түзгөн, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңешинин) эл аралык деңгээлдеги мекеме катары курулушуна негиз болгон Нахчиван келишиминин Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан кол коюлуусуна, тактап айтканда жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн биримдигине бүгүн 10 жыл толду. Бул күн жалпы түрк дүйнөсүнө кут болсун!

Бул тарыхый келишим кол коюлган 3-октябрь жыл сайын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү катары белгиленип келет. Үстүбүздөгү жыл дос жана бир тууган Өзбекстандын Түрк Кеңешине кошулушу Түрк Кеңешинин 10 жылдыгына туш келип отурат. Ушундан улам Түрк дүйнөсүндө кылымдар бою келе жаткан байланыштар жана кызматташтык мындан ары да улана берет деп өтө кубанычтабыз.

Түрк Кеңеши эми гана 10 жашка чыгып, уюм катары кыска убакыттын ичинде өтө маанилүү иш чараларды аткарды. Саясий кызматташтык, экономика, транспорт, жаштар жана спорт, билим берүү жана туризм сыяктуу 20 түрдүү багытта аткарылган иштер өз жемишин берди, эл аралык деңгээлде ийгиликтүү кызматташтыктары менен чоң абройго ээ болду. Түрк Кеңеши дүйнөдө жана өзүнүн чөлкөмүндө тынчтык жана өнүгүүгө барандуу салым кошууда.

2018-жылы Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн саммиттен бери Түрк Кеңеши ар кандай кызматташтыктарды өркүндөтүү менен эбегейсиз ийгиликтерге жетишти. Курулгандан кийинки 10 жылда алгачкы жолу өзүнүн курамын кеңейтти: Өзбекстан Түрк Кеңешине толук кандуу мүчө болуп кирди, ошондой эле Венгрия байкоочу өлкө катары кошулду. Түрк Кеңеши өткөн айда Евробиримдик жана Европадагы башка эл аралык мекемелер менен тыгыз кызматташуу үчүн Будапештте өзүнүн кеңсесин ачты.

Түрк Кеңешинин алкагында экономикалык кызматташуу багытында да маанилүү иш чаралар аткарылды. Өзгөчө экономика жана соода сферасында Түрк Кеңеши өз активдүүлүгүн көрсөттү. Түрк соода жана өнөр-жай палатасы Түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес дүйнөсүнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана конкреттүү иш алып баруу үчүн Түрк Кеңешинин экономика багытындагы мекемеси катары 2019-жылдын 17-майында Нур-Султан шаарында расмий түрдүү ачылды. Ошондой эле жакында Түрк инвестиция корун түзүү үчүн алгачкы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

10 жылда топтогон тажрыйбалары менен Түрк Кеңеши мындан ары да өсүп-өнүгө бермекчи жана Накчиван келишимде баса белгиленген план жана максаттарына ылайык мүчөлөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташуу үчүн болгон аракетин жумшамакчы.

Түрк Кеңешининтүзүлүшүнүн 10 жылдыгын үстүбүздөгү октябрь айынын 15 Бакуда боло турган Түрк Кеңешинин 7-саммиттин өткөрүү аркылуу белгилейбиз. Бул саммиттин негизги темасы “Чакан жана кичи бизнести өнүктүрүү” деп аталып, Саммитке жаңы мүчө болгон Өзбекстан жана ошондой эле баардык мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлөт. Бул саммитте түрк элдеринин пайдасы үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынат деп ишенебиз. Орток тарых, маданият жана тил сыяктуу баалуулуктар бириктирип турган Түрк дүйнөсү үчүн иштей турган, ошондой эле өз чөлкөмүндө жана дүйнөдө тынчтык жана өнүгүүгө салым кошо турган Түрк Кеңеши түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун жападан жалгыз расмий уюму болуп эсептелет.

Бизге көрсөткөн колдоосу үчүн Кеңешке мүчө өлкөлөргө жана мамлекет башчыларына чоң ыраазычылык билдиребиз. Бул колдоо менен Түрк Кеңеши мындай кийин да ийгиликке жетет жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну өркүндөтүү үчүн конкреттүү долборлорду иш жүзүнө ашыра берет.

Ушул маанилүү күнгө байланыштуу мүчө мамлекеттерибизди жана баардык түрк тилдүү элдерди чын жүрөктөн куттуктоо менен бирге, түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгы түбөлүккө жашай берсин деген каалоомду айтмакчымын.

Багдад Амреев

Түрк Кеңешинин Башкы катчысы

Пикир

Оставить комментарий