• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 09.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамдын максаты 2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Бул макулдашууга ылайык жогоруда аталган фонддун бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Фонд түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.

Пикир

Оставить комментарий