• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түрк мамлекеттер уюмунун байкоочулар миссиясы парламенттик шайлоонун өтүшүнө оң баасын берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун өтүшүнө оң баасын берди.

Аталган миссиянын башчысы Гизмат Гозаловдун айтымында, жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округу боюнча жана бир мандаттуу округдардагы талапкерлерге добуш бере алышты.

“Миссия шайлоо күрөөсүнүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүшүн, ошондой эле майыптыгы бар жана айымдарга квота бөлүнгөнүн колдойт. Кыргызстандагы №2 форманын жоюлушун миссия туура деп эсептейт”, - дейт ал.

Гозалов белгилегендей, чет жактагы шайлоо учаскалардын көбөйүшү жарандардын шайлоого баруусуна шарт түзүлүп берилишин чагылдырат.

“Мамлекеттик жана административдик органдар тарабынан шайлоого кийгилишүүнү байкаган жокпуз. Мыйзамга ылайык байкоочуларга бардык шарттар түзүлүп берилди. Парламенттик шайлоо ачык-айкын жана эл аралык номарларга ылайык өттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий