• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркия тарап Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар – Фуат Октай

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Түркия тарап Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Анын айтымында, атап айтканда түрк тарап гидроэнергетика, айыл чарбасы, санарип чечимдер, соода жана туризм жаатында долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.

Ал кыргыз тарапты жаңы долбоорлорду демилгелөөгө жана Кыргызстанга келүүнү каалаган ишкерлерди колдоого чакырды.

Ошондой эле, Түркиянын вице-президенти кыргыз тарап бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана башка тиешелүү маселелерди чече алат деген үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий