• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин Башкы катчысы алмашты

Саясат 0

Чолпон-Ата, 03.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешине мүчө мамлекеттер башчыларынын Саммитинде мамлекеттик ишмер, дипломат, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Багдад Амреевди Түрк кеңешинин Башкы катчысы кызматына дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы Башкы катчы Рамил Хасанга акыркы 4 жыл ичиндеги активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди жана анын Түрк кеңешинин аброюн көтөрүү, тийиштүү деңгээлде уюмдун кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттерине жогору баа берди.

Багдад Амреевге Сооронбай Жээнбеков жана башка мамлекеттер башчылары жаңы кызматында чоң ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий