• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түрк тилдүү мамлекеттердин кезектеги жыйыны 3-сентябрда Чолпон-Атада өтөт

Коом 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү. ТМККнын кезектеги саммити 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.

Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өз убагында даярдоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жетектейт. Анын курамына тиешелүү ведомстволордун, комитеттердин, жана кызматтардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Чолпон-Ата шаарынын мэри кирген.

Уюштуруу комитетине төмөндөгү милдеттер тагылган:

– 2018-жылдын 20-июнуна чейин тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

– 2018-жылдын 25-июнуна чейин пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү жана бекитүү;

– жыйындарды өткөрүү ордун даярдоого байланыштуу иш-чараларды координациялоо.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий