• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. 2020-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жана маалымат жана массалык маалымат каражаттар жаатындагы министрлердин, жогорку өкүлдөрдүн кезектеги жыйыны Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Учурда, Азербайжандын Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин медиа боюнча жумушчу тобунун 7-отуруму жана маалымат жана массалык маалымат каражаттар жаатындагы министрлердин, жогорку өкүлдөрдүн 2-отуруму өтүүдө. Анда Кыргыз Республикасынын атынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгүл Норузбаева катышып жатат.

Аталган отурумда, 2017-жылдын 27-28-апрелинде өткөн маалымат чөйрөсү жана массалык маалымат каражаттар жаатында кызматташуу боюнча жумушчу топтун 6-отурумунун чечимдерин аткаруу максатында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин маалымат жана медиа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына толуктоолорду киргизип, аны кайра жаңылап иштеп чыгуу каралган.

Ошондой эле, жыйында “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттиги жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпаниясы Кыргызстандын атынан маалымат тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюусу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, жыйында Түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда маданий, тарыхый, спорттук иш-чараларды кеңири жайылтуу максатында өлкөлөр аралык FTP серверин ачуу жана маалымат алмашуу сыяктуу маселелер талкууланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий