• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түрк тилдүү мамлекеттердин музыканттары Балкан өлкөлөрүнө турнеге чыкты

Маданият 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Жаш музыканттардан турган “Түрксой” камералык оркестри Балкан мамлекеттеринде өздөрүнүн концерттик турун баштады. Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия, Башкырстан, Татарстан. Кыргызстан, Казакстандын жаш музыканттары Анкарада 10 күндүк даярдыктан өткөндөн кийин, алгачкы концерттик программасын Македониянын борбору Скопьеде тартуулашты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин 25 жылдык дипломатиялык мамилесине арналган концерттик программада оркестр Анкар Акбаровдун жана Мустафа Мехмандаровдун дирижерлугу астында дүйнөлүк классикалык жана түрк мамлекеттеринин композиторлорунун чыгармаларын аткарышты.

Оркестрдин репертуарына Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия, Башкырстан, Татарстан, Кыргызстан, Казакстандын композиторлорунун чыгармалары кирген.

Түрксойдун башкы директору Дюсен Касеинов концертти ачып жатып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн жаш музыканттардан турган жамаатка бурду.

“Биз 2010-жылы жаштардан турган Түрксой оркестрин түзгөнбүз. Максатыбыз классикалык музыканын жардамы менен дүйнөгө түрк тилдүү элдердин музыка маданиятын көрсөтүү болчу. Музыканы жалпы маданиятыбыздын кабарчысы кылдык. 7 жылга толгон оркестр ар кайсы мамлекеттерде өткөн абройлуу фестивалдарга чакыруу алып жатат”,-деди Касеинов.

Түркиянын Македониядагы элчиси Тюлин Эркан Кара жашоосунда классикалык музыканын көптөгөн концерттик программаларына катышканын бирок, жаш таланттардан турган бул оркестрдин чыгармалары өзгөчө из калтырганын белгиледи.

«ТҮРКСОЙ» жаштар оркестринин турунун маршруту:

20 июль – Анкара, Түркия
22 июль – Бурса, Түркия
24 июль – Скопье, Македония
26 июль – Охрид, Македония
28 июль – Подгорица, Черногория
30 июль – Мостар, Босния Герцеговина
31 июль – Сараево, Босния Герцеговина
02 август – Белград, Сербия

Пикир

Оставить комментарий